Коронавирустан каза тапкандардын саны 80 адамга жетти

Автор -
240

Кытай боюнча коронавирус жайылууда. 26-январга карата дүйнө жүзүндө 2 миңден ашуун киши бул вирусту жуктуруп алышкан, алардын көбү Кытайда. Маалыматты Reuters агенттиги таратты.

Каза болгондордун саны 80ге жетти.

Вирус АКШ, Тайланд,Түштүк Корея, Япония, Австралия, Франция жана Канадага тараган.

Эске салсак, Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жолугушуп, жаңы типтеги коронавирус тарап жатканына байланыштуу маалыматтарды ыкчам алмашып турууну макулдашкан.

Бөлүшүү