Казакстандын баш калаасы Нур-Султанда калың кар менен бороондон улам өзгөчө кырдаал жарыяланды. Шаардагы бардык мектептер убактылуу жабылды. 27-январда баш калааны башка шаарлар менен байланыштырган башкы жолдордо каттам токтоду.
Нур-Султандагы эл аралык аэропортто бардык аба каттамдары белгисиз мөөнөткө токтотулганын аба майданынын басма сөз катчысы Жеңиш Ахметжанов журналисттерге билдирди.
Жергиликтүү бийлик жарандарды өзгөчө кырдаал режими алынганга чейин Нур-Султандан башка аймактарга жолго чыкпоого чакырды.
Калың кар менен бороондон уламдан улам Борбор Азиянын башка аймактарында да ондогон чоң жолдор убактылуу жабылды.