Таанымал баскетболчу Коби Брайант учак кырсыгында набыт болду

Автор -

«Лос-Анжелес Лэйкерс» клубунун оюнчусу Коби Брайант Калифорниядагы учак кырсыгында 13 жаштагы кызы Жиана менен чогуу каза тапканын америкалык басылмалар жазышты.

Баскетболчу кызы жана дагы үч киши менен бара жаткан тик учак Лон-Анжелестен түндүк тараптагы Калабасас шаарынан алыс эмес жерде кыйраган.

Брайант 41 жашта болчу.

Баскетболчу карьерасын 1996-жылы мектепти бүтөрү менен улуттук баскетбол ассоциациясында эң жаш оюнчу болуп баштаган.

«Лэйкерс» клубу үчүн 20 сезон ойноп, команда менен бирге беш жолу чемпиондук титулга жетишкен.

Боюнун узундугу 198 см келген Брайант Улуттук баскетбол ассоциациясынын эң кымбат оюнчусу деп таанылган. АКШнын улуттук курамасында Брайант катышкан команда эки жолу Олимпиаданын алтынын алууга жетишкен.

2018-жылы ал продюсерлик кылган «Кымбат баскетбол» тасмасы Оскар сыйлыгын алган. Американын Sports Illustrated журналы Брайантты акыркы он жылдыктагы мыкты беш спортчунун тизмесине киргизген.

Легендарлуу баскетболчунун өлүмүнө байланыштуу АКШ президенти Дональд Трамп, мурунку президент Барак Обама жубайы Мишел менен чогуу анын үй-бүлөсүнө көңүл айтышты.

Карапайым күйөрмандары Лос-Анжелестеги «Стэплз» стадионунун алдында Коби Брайантка арналган эскерүү мемориалын түзүштү.

Бөлүшүү