ГЭС-5 айылындагы жол кырсыгынан 5 адам жабыркады

Автор -

Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 12-чакырымында Hyundai Porter унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, токтоп турган Hyundai Porter унаасын сүзгөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, андан кийин ооруканага жеткиришкен.

Ошондой эле Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 14-чакырымында, тактап айтканда, ГЭС-5 айылында «Субару» унаасы менен «Фольксваген-Гольф» унаасы кагышкан. Кырсыктан 5 адам жабыркаган.

Бөлүшүү