Өзбекстандын Жизак облусунда бир үйдөн 8, 12 жана 14 жаштагы үч бир тууган газга ууланып кайтыш болду. Алардын апасы жандандыруу бөлүмүндө.
Өзбекстан Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 25-январь күнү эртең менен жумуштан келген атасы балдардын сөөгүн тапкан. Алдын ала маалыматтар боюнча балдар уктап жатып, жертөлөдөгү мештен чыккан иске ууланып калышкан.
Өзбекстанда кыш мезгилинде газга уулангандардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Буга мештин туура эмес колдонулушу, техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталбаганы себеп болууда.