Кытайдын Хубэй провинциясында коронавирустан каза тапкандардын саны жүзгө жетти

Автор -
460

Кытайдын Хубэй провинциясында өткөн сутка ичинде коронавирустан улам 24 адам өпкөсү сезгенип каза болду, бул илдетти жуктуруп алган дагы 1 291 учур катталды. Бул туурасында Кытайдын борбордук телеканалы бийликке таянып билдирди.

«Интерфакс» билдиргендей, вирустун очогу болгон Ухань шаарында 22 адам,  Тяньмэне шаарында эки адам каза тапты.

Өткөн жылдын декабрынан бери провинцияда оору жугузуп алган 2 714 учур катталган, алардын жүзү каза тапты. 47 адам дарылануу курсунан кийин айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.

Кечээ Хубэйде 371 адам илдетти жаңы жугузуп алганы маалым болду. Мындай жол менен провинцияда илдеттин тарашы сутка ичинде 3 эсеге ылдамдады. 27-январда болсо, гонконгдук эксперттер Уханда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 44 миң адамга жеткенин эсептешүүдө. Бул сандын ичине ооруну жуктуруп алып, бирок белгилери али байкала элек адамдар да кирген.

Кытай коронавирусунун белгилери:

  • баш оору;
  • чүчкүрүү
  • жөтөл;
  • аба жетпөө, дем алуунун кыйындашы;
  • бөйрөк кемтиги;
  • дене табынын жогорулашы;
  • оору дене табынын көтөрүлүшүнөн башталат, кийин кургак жөтөл пайда болот, бир жумадан кийин дем алуу оорлошот.

Кытай бийлиги вирустун тарап кетишин ар кандай жолдор менен токтотууга аракет кылып жатат. Ар кандай ири иш-чаралар токтотулуп, калк бет кап кийүүгө милдеттендирилди. Учурда Кытайдын ар кайсы аймактарында жаңы жылдык каникул узартылууда.

Коронавирусту жуктуруп алуунун тобокелдигин азайтыңыз:

  • Колуңузду самындап жууп, курамында спирт бар антисептик колдонуңуз;
  • Жөтөлүп, же чүчкүргөндө бетиңизди жабыңыз;
  • Сасык тумоо, же грипптин белгилери байкалган адамдар менен байланышуудан качыңыз;
  • Эт жана жумуртканы жакшы бышырыңыз;
  • Жапайы жана үй жаныбарларына жакындабаңыз.

 

Бөлүшүү