Артем Новиков өкмөт башчынын кеңешчиси болуп дайындалды

Автор -

Мурдагы экономика министри Артём Новиков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кеңешчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы кол койду.

Артём Новиков 2017-жылы мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөтү менен келип, 2018-жылы парламент министрлер кабинетине ишеним көрсөтпөгөн соң өкмөт курамы менен кошо кеткен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү