Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоногонго шектүүнү бошотуп жиберишти

Автор -

Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоногонго шектелип кармалган жаранды милиция бошотуп жиберди. Бул туурасында ырчы өзү Super.kg порталына билдирди.  Анын айтымында, милиция кызматкерлери шектүүнү негизсиз бошотуп жиберишкен жана буга чейин ал жалпыга маалымдоо каражаттарына тергөө иштерине тоскоолдук жаратпоо үчүн окуя тууралуу ооз ачпай келген.

«2019-жылдын 6-майына караган түнү биздин үйдө чоң кылмыш катталып, шектүү кармалган. Кылмыш болгон күнү бул окуяны жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу ачык айтайын десек, тергөөчүлөр айттырбай коюшкан. Алар бул иликтөө иштерине тоскоолдук жаратат дешкен болчу. Бирок алар бизге эч нерсе айтпай туруп, 2019-жылдын 22-декабрында кылмышка шектүүнү бошотуп жиберишиптир. Менде «Эмнеге алар шектүүнү кармаганда мага кайрылат да, аны бошотуп жатканда кайрылбайт?», «Эмне үчүн кылмыш болуп жатканда аны эч ким билбеши керек?» деген сыяктуу суроолор пайда болууда.

Экинчиден, кылмышка шектүү кармалганда, милиция кызматкерлери «биз кармадык» деп өздөрүн мактаган. Ал гана эмес, алар «бизди мактап кой, жакшы иш кылдык» деп айтканга чейин барышкан. Чынында, менин үй-бүлөмдө мындай окуя болбогондуктан, кичинекей бала жомокто жашагандай эле жашап жүрүптүрбүз. Жеке мен милиция кызматкерлеринин арасында, прокуратурада коррупционерлер бар болгондуктан, ушундай баш аламандыктар болуп, коом оңолбой жатат деп ойлоп калдым. Ошол кылмышка шектүү баланын унаасынан апамдын зер буюмдары табылып жатат. Бир эле зер буюм эмес, бир нече зер буюм табылып жатат. Эмне ал кылмышты ачууга далил эмеспи?

Эмненин негизинде коё берип жатканына токтолсок, ал баланын алибиси бар экен. Ошол күнү ал бала Ысык-Көлдө тойдо жүргөнүн чагылдырган видеосу бар экен. Азыркы күнү видеонун даталарын өзгөртсө болот. Тергөөчүлөр деле аны өзгөртсө боло турганын көрсөтүп, айтып дагы беришкен. Бул видеолор боюнча эксперттер барбы десек, Астанада гана бар деп айтышкан. Мен ал жакка чалсам, алар видеону алып келгиле дешкен. Бирок тергөөчүлөр ар нерсеге шылтап, бербей коюшту. Андан бери 3-4 ай өттү, азыркы күнгө чейин ал видеону беришкен жок. Ошондо бул жерде тергөөчү видеого эксперт дагы болуп алдыбы?», — деди Атабеков.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарында 2019-жылы 6-майга караган түнү Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүнө белгисиз адамдар бет капчан кирип, жалпы суммасы 60 миң долларды түзгөн акча каражатын жана зер буюмдарды алып кеткен. 2-сентябрда Каракол шаарындагы кафелердин биринен кылмышка шектелип жаткан 24 жаштагы жаран  кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүү Медет Бейшековдун апасы Жыпаркүл Иманкалиева анын уулу күнөөсүз экенин айтып чыккан.

Бөлүшүү