Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринин сантехнигин тоноп кеткен жаран кармалды. Октябрь РИИБинин маалымат катчысы шектүү делингендердин бири Чүй облусунун аймагынан табылганын билдирет.
«22-январда окуу жайлардын биринде иштеген М.Д. арыз менен укук коргоо органдарына кайрылган. Анда ошол эле күнү таңкы саат 4:00дө медициналык бет кап кийген белгисиз жарандар окуу жайдын ичине кирип келип, күч колдонуу менен жабырлануучунун колу, бутун байлап, чөнтөгүндөгү 7 миң сомун жана 20 миң сомдук уюлдук телефонун алып качып кетишкенин билдирген.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене (карактоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөрдүн бири 1997-жылы туулган О.А. Чүй облусунун аймагынан кармалды. Ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп билдиришти маалымат кызматынан.
Ошондой эле криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка тиешеси бар делинген шектүүлөрдүн аты-жөнү такталды. Алар 1992-жылы туулган Д.Б., 1995-жылы туулган А.Б. жана 1997-жылы туулган Ч.У.
Учурда аларды издөө иштери улантылып жатат.