Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун кызматкери пара менен кармалды

Автор -
229

Бишкекте Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун борбордогу аймактык башкармалыгынын директору Болот Момбеков кармалды, деп жеке булактарына таянып, 24.kg жазып чыкты.

Маалыматка караганда, ал кыргызстандык жарандан 143 миң сом пара талап кылган. Кечээ акча алып жаткан жеринен кармалды. Учурда Болот Момбеков ооруканада кайтаруу алдында жатат.

Кармоо иш-чарасын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматы жүргүзгөн.