Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн Дубайда кыймылсыз мүлкү бары-жогу текшерилет. Бул тууралуу Түркияда киши колдуу болгон кытайлык жеке ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын отурумунда УКМКнын тергөө башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Сагынбек Самидин уулу билдирди.
Анын айтымында, Бириккен Араб Эмиратынын мамлекеттик органдарына расмий сурам жөнөтүлдү.
«Биз интернеттеги маалыматтарга таяна албайбыз, мындан улам Бириккен Араб Эмиратынын мамлекеттик органдарына кайрылдык», — деди Сагынбек Самидин уулу.
Стамбулда 10-ноябрда киши колдуу болгон кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.