Орусияда адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгын жараткан 22 жаштагы кыргызстандык таксист Исламбек Акбаров эки жылга абакка кесилди. Бул маалыматты Орусиядагы КР элчилигинен тастыкташты.
Эскерте кетсек, Акбаров 2019-жылдын 8-июлунда унаа айдап баратып, мотоциклчен адамды сүзүп алган. Каза тапкан жигит россиялык миллиардер Владимир Маруговдун уулу Александр болуп чыккан.
Маалыматка караганда, Москванын Таган райондук соту өткөн жумада айыпталуучуга эки жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Тергөө изоляторунда отурган күндөрдү эске алганда, кыргызстандык эми 7абакта 7 айын өткөрөт.
Каза тапкан жигиттин жакындары айыпталуучуга доосу жок экенин билдиришкени айтылат. Алар сотто күнөөлүү тарап маркумга эстелик тургузууга кеткен чыгымды жана сөөк коюуга кеткен чыгымдардын жарым-жартылайын төлөп бергенин билдиришкен.