Курсан Асановго ачылган кылмыш иши тергелип бүттү

Автор -

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго ачылган кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Эскерте кетсек, Кой-Таш окуяларында «милициянын кызыкчылыгын сатты» деген жүйөө менен Курсан Асанов ички иштер министринин орун басары кызматынан бошотулган. Ага карата кызматтык иликтөө башталган.

Башкы прокуратура кызматтык иликтөөнүн материалдары менен таанышып чыгып, ал материалдардын негизинде Асановго «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши ачылган. 2019-жылдын 13-октябрынан бери ал үй камагында.