Мэрия: Троллейбус кабылган жол кырсыгында айдоочунун күнөөсү жок

Автор -

Борбор калаада кечээ, 3-февралда коомдук транспорттун катышуусундагы жол кырсыгынын болушуна наушниктер күнөөлүү. Бул туурасында Бишкек мэриясы билдирди.

Эске сала кетсек, кечээ саат 18:00 чамасында баш калаадагы Москва жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган. №5 троллейбустун айдоочусу жүргүнчү кызды сүзүп алган. Кесепетинде ал кыз жана троллейбустагы жүргүнчү аял жабыркаган. Алар дароо ооруканага жеткирилип, текшерүүдөн соң үйлөрүнө кетирилген.

«Троллейбустун айдоочусу Б. Айдарбеков жол эрежесин бузган эмес, ал кайчылашкан жолдон жол чырактын жашылы күйгөндө өтүп бараткан. Бул убакта жүргүнчү тыюу салынган белгиге карабай жолго чыга калган. Айдоочунун сигнал бергенин кулагына наушник салып алган кыз уккан эмес. Айдоочу троллейбусту шашылыш токтоткондуктан, бир жүргүнчү кулап кеткен, бирок жаракат алган жок», -деп айтылат маалыматта.

Мэриядан муниципалдык унаадагы ар бир орундук камсыздандырылганын эскертишти. Демек коомдук унаага түшкөн ар бир жаран камсыздандырылган.

«Айдоочу кырсык болгон жерден кетип калган жок, ал жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүп, «Тез жардам» кызматын чакырды», -дешет мэриядан.

Ошондой эле, калаа бийлиги жолдон өтүп баратканда этият болууга, музыка укпоого чакырды.

Бөлүшүү