Нарын шаарынын Городок аймагынан 10 жашар кызды унаа өлтүрө сүзүп кетти. Бул туурасында жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, кырсык кечээ 3-февралда саат 15:20 чамасында катталган. Окуучу кыз маршруткадан түшүп, жолдон өтүүгө чуркап чыккан учурда, 32 жаштагы У.М. аттуу жаран кызды байкабай калып, «Фольксваген-венто» үлгүсүндөгү автоунаасы менен сүзүп кеткен.
Нарын облустук бириктирилген ооруканасына жеткирилген окуучу кыз жандандыруу бөлүмүндө алган жаракатынан улам каза тапты.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.