Сузакта токмоктон каза болгон баланын атасы кылмыш ишин токтотууну суранды

Автор -

Сузак районунун Октябрь айылында ур-токмоктон каза болгону айтылган эки жашар баланын атасы мында кылмыштын курамы жок экенин айтып, ички иштер органдарына кайрылды, деп жазат «Азаттык».

Милициянын маалыматына караганда район тургуну уулу ур-токмоктун айынан каза болгон деген версияларды четке кагууда.

«Бирок ага карабай факты боюнча козголгон сотко чейинки өндүрүш иши улантылып, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп жатат. Мында атасы арыз менен кайрылган эмес, ал тосмо арыз жазып берген учурда да иш акырына чейин тергелет»,- деп айтылат милициянын маалыматында.

Сузак райондук эмгек жана социалдык коргоо башкармалыгынын үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмү да каза болгон баланын мыйзамдуу өкүлүн дайындаган. Ал социалдык кызматкер атасы менен бирдей укукта болуп, тергөөдө жана сотто баланын таламын талашат.

27-январь күнү түш ченде Сузак районундагы Октябрь айылдык ооруканасына чарчап калган баланы алып келишкен. Баланын денесинде көгала тактар болгон. Бул факт боюнча Жазык кодексинин «Денеге оор залал келтирүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Баланын өлүмүнө шектүү Д.А. суракка алынган. Учурда анын кичинекей балдары болгону үчүн бөгөт чарасы карала элек.

Маалыматтарга караганда, каза болгон наристе 2017-жылдын сентябрь айында төрөлгөн. Ал үй-бүлөдө эки бир туугандын кенжеси болчу. Эжеси алты жашта. Былтыр октябрь айында атасы балдарын тууганына таштап, өзү Орусияга иштегени кеткен. Балдардын апасы бир жыл мурда каза болуп калган.

Бөлүшүү