Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, 12 адам эвакуацияланды

Автор -

Бишкекте түндө өрт чыккан 3 кабаттуу турак үйдөн 12 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Өрт баш калаанын Махатма Ганди көчөсүндөгү 3 кабаттуу турак үйдөн түнкү саат 1:40 чамаларында чыккан. Кесепетинде үйдүн 2- кабатындагы уктоочу бөлмөнүн 40 ч.м. аянты жана тиричилик буюмдары күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө 3 бөлүм жөнөтүлүп, кырсык болгон жерден 12 адам чыгарылган. Жалынды толук өчүрүүгө 2,5 сааттай убакыт кеткен. Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү