Кыргызстанга коронавирусту аныктоочу реагенттер алынып келди

Автор -

Кыргызстанга Орусиядан адамдагы вирусту тез арада аныктоочу реагенттер алынып келди. Ал каражаттар 500 жолу вирусту аныктоого жетет. Өлкөдө бул медициналык каражатка тартыштык жок. Учурда Кытайдан келген бардык жарандар текшерүүдөн өтүп жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаковго шилтеме менен «Азаттык» жазды.

Акыркы маалыматтарга караганда, Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен коркунучтуу оорунун белгилери бар адамдар каттала элек.

Бөлүшүү