Унаадан 12 миң долларды уурдап кетүүгө шектүү жаран кармалды

Автор -

Бишкекте ири суммадагы акча каражатын уурдаганга шектелип 46 жаштагы жаран кармалды. Бул туурасында Бишкектин Ленин РИИБинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 24-декабрында шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылып, унаасынын ичинен 12 миң долларын алдырып жибергенин билдирген. Окуя калаанын Дэн Сяопин кең көчөсүндө болуп өткөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Уурулук» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

«Ыкчам тергөө тобу шектүү делинген 1973-жылы туулган О.Ж. аттуу жаранды кармады. Ленин райондук соту аны Тергөө изоляторуна эки айга камап туруу чечимин чыгарды. Учурда шектүүнүн мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бары-жогун аныктоо үчүн тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат», — деп билдиришти маалымат кызматынан.