Өкмөт: 10-февралга карата өлкөдө коронавирус менен ооругандар катталган жок

Автор -

2020-жылдын 10-февралына карата өлкө аймагында коронавирус менен ооругандар катталган жок. Бул туурасында өкмөттөн билдиришти.

Республикалык штаб коронавирустун өлкөгө киришин алдын алуу жана республиканын аймагына жайылышына жол бербөө боюнча бардык тийиштүү чараларды кабыл алууда.

Эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес өлкөлөрдөн келгендердин ар бири термометр жана жогорку дем алуу жолдорунун үлгүлөрүн аныктоо лабораториясынан өтүүдө. 

Учурда мамлекеттик чек арадагы бардык көзөмөл-өткөрүү жайлары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат, профилактикалык зарыл чаралар кабыл алынган. Карантиндик аймактар жарандарды кабыл алууга даяр, зарыл болгон бардык керек-жарагы менен байкоо жүргүзүүчү убактылуу имараттар камдалган. Бет каптар, жеке коргоочу каражаттар, респираторлор жетиштүү деңгээлде.  

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 10-февралга карата стационардык кароодо 96 киши, жашаган жери  боюнча медициналык кароодо 490 адам бар. Алардын баарынын ден соолугу канааттандырарлык.

Ошондой эле жарандарды кабыл алуу жана жайгаштыруу пункттарында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  тарабынан 413 орун даярдалган: Нарын облусундагы «Торугарт» өткөрүү пункттунда – 100 орун, Ош облусундагы «Иркештам» — 100 орун, «Манас» эл аралык аэропортунда – 183, Ош шаарындагы аэропортто – 30 керебет. Зарыл болгон шартта орундар көбөйтүлөт. 

Билим берүү жана социалдык мекемелерде вирустук инфекциялардын, анын ичинде коронавирустун алдын алуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери улантылууда.