Сузак районунда мейманкалардын биринде кыз менен эркек киши бири-бирин бычактап, ооруканага түшүштү. Маалыматты Жалал-Абад облустук милициясынан тастыкташты, деп жазат «Турмуш» агенттиги.
Окуя 7-февраль күнү болжол менен күндүзгү саат 10:00 чамасында болгон. Милицияга мейманканалардын биринен жаракат алган жаштар табылганы тууралуу маалыматты «Тез жардам» кызматы кабарлаган.
Окуя болгон жерге Сузак РИИБдин ыкчам тергөө тобу барганда аял менен эркек киши эс-учун жоготкон абалда табылган. Дарыгерлер аларды окуя болгон жерден Сузак райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткиришкен.
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө Сузак районунун 1984-жылы туулган тургуну Д.М. мейманкананын администраторуна өзү менен кошо келген 21 жаштагы кызды аялым деп тааныштырганы белгилүү болгон. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, Сузак РИИБдин эксперт-криминалисттери тарабынан бармак издери жана тиешелүү далил буюмдар алынган.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине ден соолукка оор зыян келтирүү болуп катталды. Ошондой эле тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүштүк иштер тергелүүдө.
Учурда кылмышка шектүү делген жигит — Сузак районунун 1984-жылы туулган тургуну Д.М. дарыгерлердин жана милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө атайын палатада дарыланууда.
Сузак райондук аймактык ооруканадан алынган маалыматка караганда, Д.М. келген убакта жүрөк согуусу угулбай келген. Анын моюнуна, сол далысына, билегине бычак сайылган, ошондой эле III даражадагы геморрагиялык шок алган. Азыр абалы туруктуу, сынык-жараат бөлүмүнө которулган.
Ал эми 21 жаштагы С.О. учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы туруктуу. Дарыгерлердин айтымында, бүгүн палатага которулат. Кыздын моюн тушу, аркасы, колу-буттары, көкүрөк тушу жана курсагы бычак менен бир нече жолу кесилген. Ич көңдөйүнө кирген бычактын айынан боор органы зыян тарткан. Мындан тышкары III даражадагы геморрагиялык шок алган.