Ак-Ордо конушундагы жол кырсыгынан 4 адам каза тапты (сүрөт)

Автор -
315

Бишкектин четиндеги Ак-Ордо жаңы конушунда жол кырсыгы болуп, төрт адам көз жумду. Бул тууралуу маалыматты милициядан билдиришти, деп жазат Sputnik Кыргызстан.

Кырсык 11-февраль күнү саат 22.30дар чамасында болгон. Анда BMW жана Nissan үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан. Милиция кызматкерлеринин айтымында, көз жумгандардан тышкары бир адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү