Бишкекте дарыканадан дары уурдаган шектүү камерага түшүп калган (видео)

Автор -

Бишкекте дарыканадан дары уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 3-февралында райондук милицияга дарыкана жетекчиси О.С. арыз менен кайрылып, ушул эле күнү болжол менен 8:00 чамасында Токтогул көчөсүндөгү дарыканадан белгисиздер жалпы наркы 16 миң сом болгон дары-дармектерди уурдап качып кетишкенин билдирген.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, «Уурдоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Бул кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Ш.Э. аттуу жаран кармалды. Аны Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизишти.

Шектүүнүн мындан башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бары-жогу такталууда.

Бул жарандан жабыркаган адамдар төмөнкү телефон номерлери аркылуу байланышса болот: 0701 084 880, 0553 102 170, 0555 787 848 или 102.

Бөлүшүү