Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Каржы полициясынын) кызматкери ЕАЭБге кирген өлкөлөрдөн товарларды салык төлөмдөрүсүз ташып келип турган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Такталгандай, 2017-2018-жылдары Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Чүй облусунун Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунун райондор аралык бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери «К.С.А.», кызыктар адамдар менен биргеликте, КР аймагына ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жалган ысымдарга жалпы суммасы 127 млн. сомду түзгөн товарларды импорттогон. Мындан мамлекеттин казынасына кошумча салык түрүндө төлөөгө тийиш болгон 15 млн. сомдон ашык зыян келген. Мындан тышкары аталган ЭККМК кызматкери эл аралык издөөдө жүргөн «БМВ-Х5» үлгүдөгү авто унааны пайдаланып жүргөнү такталды.
Белгилей кетсек, 2018-жылдын ноябрь айларында ЭККМК жетекчилиги тарабынан аталган коррупциялык схемага тиешеси бар делген негизде «К.С.А» ээлеген кызматынан четтетилген, жабырлануучу «А.у.Д.» жана башкаларга салык төлөмдөрүнөн качуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштер өзүнчө ачылган.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кызматкерге «Коррупция» беренеси менен айып тагылып, 2 айга камалды.