Казакстан Кытайдан 40 кыргыз жаранын сала келди (видео)

Автор -
485

Кытайдан Казакстанга 211 киши келди, алардын кыркы кыргыз жарандары. Бул маалыматты Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги социалдык тармактагы расмий баракчасына таратты.

«Бүгүн, 13-февраль күнү Алматыга таңкы саат 07:00дө Пекинден 211 жүргүнчүсү бар учак келип конду. Бортто 171 казак, 40 кыргыз жараны болгон. Биздин мекендештерди текшерүү үчүн Алматыдагы клиникалык ооруканага алып кетишти. Алар ооруканада 3 күн медициналык кароодон өтүп, коронавируска каршы лабораториялык анализ тапшырат. Эгер кандайдыр бир күмөн жаралса, ал жакта көбүрөөк убакытка кармалышат. Учурда бардык жүргүнчүлөрдүн абалы канааттандырарлык. Ал эми 40 кыргыз жараны Бишкекке жеткирилди», — деп жазылат маалыматта.

Бөлүшүү