Нарында медицина кызматкери ымыркайын кесиптешинин үйүнүн алдына таштап кеткен

Автор -
407

Нарын облусунун Ат-Башы районунда «Тез жардам» кызматынын кызматкери жаңы төрөгөн ымыркайын кесиптешинин үйүнүн алдына таштап кеткен. Бул туурасында облустук милициядан билдиришти.

2019-жылдын 6-декабрында эртең мененки саат 07:00 чамасында милицияга Ат-Башы айылынын​ тургуну чалып, кайын инисинин үйүнө жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кетишкенин билдирген. Окуя болгон жерге ыкчам​ тергөө​ тобу барган.

Үй ээсинин айтымында, таңкы саат 06:50 чамасында терезеси такылдаган. Эшикке чыкканда, эч ким көрүнгөн эмес. Аңгыча кичинекей баланын ыйы угулган. Ал жуурканга оролуп, кутуга салынган боюнча ташталган.

Милиция кызматкерлери ымыркайды​ төрөт бөлүмүнө​ алып барышып, наристе болжол менен 6 саат мурун төрөлгөнүн, салмагы 3,5 кг, бою 51 см экенин билишкен. Дарыгерлер ымыркай төрөт​ бөлүмүнөн​ эмес, үйдөн​ төрөлгөнүн аныкташкан.​

Тергөө​ амалдарынын жүрүшүндө баланын энесинин өздүгү аныкталган. Ал Ат-Башы районунун «Тез жардам» станциясынын фельдшери, 1976-жылы туулган Т.кызы К. болуп чыккан.

Бала ташталган үйдүн кожойкеси Ат-Башы райондук ооруканасынын лабораториясында иштейт.

Бөлүшүү