Кордайдагы жаңжалда каза тапкандардын саны он бирге жетти

Автор -

Казакстандын Кордой районундагы улут аралык кагылышта каза тапкандардын саны 11 кишиге жетти. Масанчи айылында дагы бир адамдын күйүп кеткен сөөгү табылганын Жамбыл облусунун губернаторунун кеңешчиси Канат Кулшыманов 13-февралда билдирди.

Анын айтымында, белгисиз адамдын сөөгү чатак маалында өрттөнүп кеткен соода борборунун калдыктарын тазалоо учурунда табылган.

«Анын тек-жайын аныкташ үчүн экспертиза жүргүзүлүп жатат», — деди Кулшыманов.
8-февралга караган түнү Кордой районундагы Масанчи, Сортөбе, Каракемер айылдарында жергиликтүү дунгандар менен казактар чатакташа кеткен. Алгач башаламандыктан он киши каза болгону, 30дан көп турак жай, 17 соода түйүнү, 47 машине талкаланып, өрттөлгөнү кабарланган. Мындай кырдаалдан улам бир нече миң казак жараны Кыргызстанга качкан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү