Маанилүү кабар! 20-февралдан тартып, «Акжол» өткөрүү жайы жабылат

Автор -

2020-жылдын 20-февралынан баштап кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы  «Акжол» өткөрүү жайы оңдоо иштерине байланыштуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, реконструкция жана модернизациялоо иштерин жыл соңуна чейин бүтүрүү пландалууда. Оңдоо иштеринен кийин паспортторду текшерүүчү кабиналар көбөйтүлөт. Жарандар өтүүчү сегиз тилке болот. Чек арадан өтчү жарандар үчүн күтүү жайы жана бир катар жагымдуу шарттар түзүлөт.


20-февралдан баштап, бул өткөрүү жайынан жарандар мамлекеттик чек араны  жөө кесип өтүшсө болот, бирок  коммерциялык максатта чоң жүктөрдү жана көлөмдүү колго алып жүрчү баштык алып жүрө алышпайт. Ошол эле убакта өткөрүү жайында курулуш иштери жүрүп турат.

«Акжол-автожол» өткөрүү жайы жергиликтүү убакыт боюнча саат 06.00дөн 24.00гө чейин иштейт.

Чүй облусунун Казакстан менен чектеш аймагында төмөнкү өткөрүү жайлары иш алып барат: «Ак-Тилек-автожол», «Токмок-автожол», «Кең-Булун-автожол», «Чалдыбар-автожол» жана «Кайыңды-темиржол».

«Ак-Тилек-автожол»
Көп тараптуу өткөрүү жайы жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрөт. Ал Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Хунчи айылына жакын жайгашкан.

«Токмок-автожол»
Эки тараптуу өткөрүү жайы жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрөт. Бул өткөрүү жайынан Кыргызстандын жана Казакстандын жарандары гана өтө алышат. Ал Токмок шаарына жакын Ю. Дунларов атындагы көпүрөнүн жанында жайгашкан.

«Кең-Булун-автожол»
Эки тараптуу өткөрүү жайы жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрөт. Бул өткөрүү жайынан Кыргызстандын жана Казакстандын жарандары гана өтө алышат. Ал Кең-Булун айылына жакын жерде жайгашкан.

«Кайыңды-темиржол»
Көп тараптуу өткөрүү жайы темир жол транспорту менен бара жаткан жарандарды жана  жүктөрдү өткөрөт. Ал Кайыңды шаарында жайгашкан.

«Чалдыбар-автожол»
Көп тараптуу өткөрүү жайы жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрөт. Ал Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдыбар айылына жакын жерде жайгашкан.

Баардык өткөрүү жайлар күнү-түнү иш алып барышат.

Үч өткөрүү жайында — «Акжол-автожол», «Ак-Тилек-автожол» жана «Чалдыбар-автожолдо»  чет өлкөнүн жарандары жана атуулдугу жок адамдар — жарактуу «Кыргыз Республикасынын электрондук визасынын» ээлери өткөрүлүүдө.

Өткөрүү жайларынын иштөө режимине байланыштуу бардык өзгөрүүлөр туурасында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы кошумча маалымдап турат.

  • Суроолор пайда болсо (0312)- 88-16-18, (0312) — 54-28-99 телефон номерлери аркылуу байланышсаңыздар болот.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү