«Тазалык» ишканасынын 3 кызматкерине иш козголду

Автор -

«Тазалык» ишканасынын башкы бухгалтери менен эки операторуна иш козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Мекемеден билдиришкендей, 2019-жылы «Тазалык» ишканасы 84 млн. сомдон ашык суммага майлоочу жана күйүүчү каражаттарды талон түрүндө сатып алып, материалдык жоптуу кызматкерлерге берген.

Бирок аталган ишкананын башкы бухгалтери операторлор менен биргеликте күйүүчү май талондорун өздөрүнө алып коротуп салышкан.

8-февралда УКМК ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана коротуу фактысы боюнча «Тазалык» муниципалдык ишканасынын башкы бухгалтери менен эки операторун кармады.

Аталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-б. 2-п. (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталды.

Сот органдары тарабынан кармалган адамдарга 2 айга үй камагына алуу баш коргоо чарасы каралган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бөлүшүү