Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетов отставкага кетти

Автор -
212

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов ээлеген кызматынан бошотулду. Маалыматты өкмөттөн тастыкташты, деп жазат 24.kg.

Бирок азырынча аткаминер кызматын өз эрки менен тапшырып кеттиби, же кандайдыр бир бузуулар үчүн бошотулдубу, белгисиз.

Эске сала кетсек, Алмаз Мамбетов бул кызматта бир жылга жетпеген убакыт иштеди. Аны Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигине Алина Шаикованын отставкасынан кийин, 2019-жылдын апрелинде  дайындашкан.

Бөлүшүү