Азимбек Бекназаров Малайзияга учуп кетти

Автор -

Саясатчы Азимбек Бекназаров элчилик кызматын аркалоо үчүн Малайзияга учуп кетти. Бул туурасында Facebook социалдык тармагындагы баракчасында анын уулу Руслан Бекназаров жазып чыкты.

Анын айтымында, атасы сөзсүз эки өлкөнүн мамилесине өзгөрүү киргизет.

«Атамдын мүнөзүн жакшы билем. Эс алуу эмес, эки өлкөнүн мамилесинде, катташында, алыш-беришинде өзгөрүү сөзсүз болот. Биздин үй-бүлө канчалаган сыноодон өттүк. Биз сынбадык жана сынбайбыз», -деп жазды саясатчынын уулу.

Эскерте кетсек, 26-декабрда Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматына дайындалган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү