Дүйнө калкынын 66% коронавирусту жуктуруп алуу тобокелдиги бар

Автор -
251

Кырдаал жагымсыз жагына оосо, COVID-19 коронавирусу планета калкынын 66 пайызына жугушу мүмкүн. Бул туурасында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмундагы кеңешчи Айру Лонджини билдирди.

Эксперт өзүнүн божомолунда вирусту жуктурган ар бир адам көнүмүш шартта эки, же үч адамга жуктурат деген маалыматка таянат, деп жазат Blooomberg.

Лонджининин айтымында, бул көрсөткүчтү эки эсе азайткан күндө дагы Жер шарынын үчтөн бир бөлүгү вирусту жугузат. Адистин белгилөөсүнө караганда, карантинге алуу чаралары оорунун тарашын жайлатышы мүмкүн, бирок ал чаралар вирус Кытайдын ар кайсы райондоруна жана андан сырткары тарап кеткенден кийин кабыл алынып калды.

Буга чейин Хубэй провинциясынын бийлиги коронавирусту жаңы жуктургандардын саны кескин жогорулап кеткенин катташты- адистер мурда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын кайра карап чыгып, жаңы классификациянын негизинде мурда дени-карды соо деп эсептелип жаткандарды илдетти жугузуп алгандардын катарына кошушту.

COVID-2019 расмий аталышын алган коронавирустун жаңы түрү кытайлык Ухань шаарында 2019-жылдын декабрында катталган. Кийин инфекция башка мамлекеттерге да тарап кеткен.

13-февралда алынган маалымат боюнча Кытайда коронавирус жуктургандардын саны 59,8 миң адамга жетти, 1 367 бейтап каза тапты, дагы 5 911 айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. 8 миң 30 бейтап оор абалда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү