Бишкекте 13 жаштагы кызды зордуктаган жаранга өкүм чыкты

Автор -

Бишкекте 24 жаштагы жаран 13 жашар кызды зордуктоого айыпталып, 12,5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарына таянып, жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Маалыматта мындай чечимди Биринчи май райсоту кабыл алганы айтылат.

«Жабырлануучу 13 жашта. Ал зордукчунун үйүнө конокко көп келип турган. Эркек аны бир нече жолу зордуктаган. Окуя тууралуу кыз ата-энесине айта алган эмес. Айыпталуучу кыздын өгөй атасынын тууганы болот. Тергөө учурунда ал күнөөсүн мойнуна алган, бирок сотто башкача көрсөтмө берген. Экспертиза зордуктоо фактысы болгонун тастыктады. Сот жабык өтүп, айыпталуучу 12,5 жылга эркинен ажыратылды», — деп  жазылат маалыматта.

Сот өкүм тууралуу маалыматты тастыктады.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү