Окуучулардын республикалык олимпиадасы февралдын аягында өтөт

Автор -

Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы 27-28-февраль күндөрү борбор калаада өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Анда жергиликтүү олимпиадалардан утуп келген 156 окуучу 10 предмет боюнча күч сынашат. Математика, физика жана химия сабактарынан олимпиада И. Раззаков атындагы техникалык университетте өтөт. Информатика сабагы боюнча Кыргыз-орус славян университетинде уюштурулат. Ал эми кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, тарых, география жана биология сабактары боюнча республикалык олимпиада шаардагы №31 мектеп-гимназиясында болот.

Республикалык олимпиаданын жеңүүчүсү болгон бүтүрүүчүлөргө жогорку окуу жайларга кирүүдө жеңилдиктер берилет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү