Евробиримдик Кыргызстанга 5 миллион 750 миң евро которду

Автор -

Европа Биримдиги 12-февралда Кыргызстандагы социалдык коргоо секторун колдоо максатында грант катары Финансы министрлигине 5 млн. 750 миң евро которду.

Бул — өлкөнүн социалдык секторуна колдоо көрсөтүү программасынын алкагында которулган үчүнчү жана акыркы акча каражаты. Программанын максаты өкмөттүн социалдык коргоо тармагында реформа жүргүзүүгө багытталган. Европа Биримдиги 2016-жылдан бери бул программанын алкагында 16,5 миллион евро грант бөлгөн.

Европа Биримдигинин 2014-2020-жылдары Кыргызстандагы социалдык коргоо секторун колдоо максатында ишке ашырган программаларынын жалпы суммасы 174 млн. еврону түзөт.