Ысык-Көлдө көчөдөгү унааны айдай качкан жаран кармалды

Автор -

Караколго келген айыл тургунунун унаасын айдай качкан жаран кылмыштын изи сууй электе колго түштү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-февраль күнү Каракол ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылынын 40 жаштагы тургуну чалып, саат 18.50 чамаларында Каракол шаарындагы таанышына келип, «Ауди S4» үлгүсүндөгү автоунаасын Гагарин жана Московский көчөлөрүнүн кесилишинде калтырып, кайра чыкканда автоунаасын таппай калгандыгын билдирген.

Ошол замат «Перехват» операциясы киргизилип, көрүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында Каракол шаарынын жол коопсуздугун көзөмөлдөө инспекторлору тарабынан шектүү катары Каракол шаарынын 35 жаштагы С. Александр кармалды.

Аталган факт Каракол ШИИБдин КЖБРна катталып, Жазык кодексинин 206 (автотранспорт каражаттарын айдай качуу) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Кылмышка шектүү катары кармалган адам Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочуу жайына баш коргоо чарасы кабыл алынганча 48 саатка киргизилди.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү