Аймактар аралык кастыкты козутууга шектелген блогер камалды

Автор -

Расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалган блогер Сыдыман 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1997-жылы туулган Элмир Сыдыманов Жазык кодексинин 313-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) боюнча кармалды.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө иштери жүрүп жатат.

Блогер буга чейин «Инстаграм» баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, түндүк-түштүк маселесин козгоп, анын айткандары коомчулукта нааразычылыктарды жараткан.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү