Кой-Таш окуясы: Жактоочу тергөөнүн купуялуулугун бузууга шектелүүдө

Автор -

Кой-Таш окуяларына байланыштуу шек саналып жаткан үч адамдын жактоочусу Бакытбек Автандил уулу тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгарып жиберген деп шек саналып жатат. Бул боюнча ишти Ички иштер министрлиги Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаганын адвокат өзү билдирди.

Анын сөзү боюнча, 3-февралда 24.kg сайтына «Кой-Таш окуясы: Дагы эки шектүү тергөө менен кызматташууга барды» деген маалымат чыккан. Анда Бакытбек Автандил уулу тергөө менен кызматташууга макул болгондордун биринин атын айткан. Бирок Автандил уулу бул тергөөнүн ишине зыянын тийгизбегенин билдирди.

«Тергөө 10-январда аяктаган. Ал эми бул маалымат 3-февралда чыккан. Ошондуктан мен тергөөнүн ишине тоскоолдук кыла турган маалыматты жарыяладым деп эсептебейм», — деди жактоочу.

Ал ишти кыскартууну өтүнүп арыз жазганын кошумчалады. Бакытбек Автандил уулу — Кой-Таш окуяларына байланыштуу шек саналып жаткан Канат Сагынбаевдин, Канат Осмоналиевдин жана Кундуз Жолдубаеванын адвокаты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү