Борбор калаада шаардагы абанын булганышына арналган #Бишкектүтүн аттуу көргөзмө болот. Иш-чарага бардык каалоочулар катыша алат.
Уюштуруучулардын маалыматына караганда, Бишкектеги абанын булганышына байланыштуу сүрөт, фотография, плакат жана башка чыгармачылыгы бар, деги эле борбор калаа атмосферасына кайдыгер эмес адамдар «Ала-Тоо» аянтына чогулушат.
Иш-чара 20-февраль күнү, саат 12:00до болот. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги орноткон «Airnow» жабдуусунун декабрь айындагы көрсөткүчү боюнча, Бишкек дүйнөдөгү абасы эң булганыч шаарлардын катарына кошулган.