Бишкекте чет өлкөлүктөрдү карактап кеткендер кармалды

Автор -

Бишкекте Пакистандын 3 жаранын бычак менен коркутуп, карактап кетүүгө шектүүлөр кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмыш 26-январда «Чыгыш-5» кичи районунда саат 16:20 чамасында орун алган. Анда көп кабаттуу үйлөрдүн биринин лифтинде белгисиз жарандар пакистандыктарды бычак менен коркутуп, 2 миң 500 сом жана «Самсунг», «Айфон» үлгүсүндөгү телефондорун тартып алышкан.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене (каракчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

«Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө Свердлов РИИБинин кызматкерлери шектүү делинген 1987-жылы туулган К.С. жана 1998-жылы туулган И.Т. аттуу жарандарды кармашкан. Свердлов райондук соту кармалган жарандарды СИЗО-1ге киргизүү чечимин чыгарды», — деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү