Коронавируска каршы дары сатыкка чыгат

Автор -

Zhejiang Hisun Pharmaceutical компаниясы коронавируска каршы «Фавипиравир» (Favipiravir) дарысын сатууга уруксат алганын билдирди. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Аталган компаниянын билдирүүсүнө ылайык, дарыны сатууга Кытай бийлиги уруксат берген. «Фавипиравир» потенциалдуу дары катары сатыкка коюлмакчы. Дары сатыкка чыккандан кийин деле клиникалык текшерүүдөн өтөрү айтылды.

Дары алгач клиникалык тесттен өтүп, ага 70 киши катышкан. Изилдөөнүн натыйжасы жакшы экени байкалганын Кытайдын Илим жана техника министрлигинен билдиришкен.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Гебреисус буга чейин Covid-19 вирусуна каршы вакцинаны иштеп чыгууга жарым жыл керектелерин айткан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү