Журналист Болот Темировго кол салгандардын иши тергелип бүттү

Автор -

Милиция FactCheck порталынын редактору, журналист Болот Темировго кол салууну тергеп бүтүп, ишти сотко өткөрүп берүүнүн алдында турат, деп жазат «Азаттык».

Темировдун айтымында, шектүүлөргө «Тоноо» жана «Бейбаштык» беренелери боюнча айып коюлду.

Эске салсак, Болот Темировго 9-январда Бишкекте белгисиз адамдар кол салып, сабап кетишкен. Темиров муну өзүнүн кесиби менен байланыштырган. Ал бул кол салууну FactCheck порталы жарыялаган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайынын буюмдары жөнүндө иликтөөгө байланышы мүмкүн деп божомолдогон.

Аны сабаган деген шек менен 14-январда Бишкекте төрт киши кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү