Ат-Башыга логистикалык борбор куруу келишими жокко чыгарылды

Автор -

Ат-Башыга логистикалык борбор куруу келишими жокко чыгарылды. Мындай маалыматты «Нарын» эркин экономикалык аймагынын жетекчиси Артур Байтереков билдирди.

Анын айтымында, «Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» компаниясынын Индустриялык-соода-логистикалык борбордун курулушу боюнча долбоорду жабуу чечимине байланыштуу аянты 200 гектар жерди 49 жылга ижарага берүү келишими жокко чыгарылды. Учурда буга чейин айыл чарба жоготууларынын ордун толтуруу иретинде инвестор төлөгөн 43 миллион сомдон ашуун акчаны кайтаруу жөнүндө өкмөткө кат даярдап жатышат.

Ушундай эле маанидеги билдирүүнү «Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы» ишканасы да 17-февралдын кечинде расмий таратты. Анда маалымдалгандай, ишкана Ат-Башыдагы индустриалдык-соода-логистикалык борбордун курулушуна 280 млн. доллар сарптамак. Бул акча компаниянын жеке ресурсунан бөлүнүп, мында кыргыз өкмөтүнүн эч кандай кепилдиги болгон эмес. Бардык тобокелдиктерди компания өз мойнуна алган.

Кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүдө объекттин курулуш планы бузулган шартта «Нарын» ЭЭА келишимди бир жактуу жокко чыгара алат деп макулдашылган.

«Ат-Башы хабын курууда жана ал иштей баштаганда орто эсеп менен 15 миңден кем эмес киши иш менен камсыз болмок, түрдүү деңгээлдеги бюджеттерге алгачкы 8 жылда салык жана айлык акы чегерүү түрүндө бир нече миллиард сом түшмөк. Жергиликтүү жаштар тиешелүү адистиктерге компаниянын эсебинен окутулмак. Логистикалык борборду жергиликтүү курулуш компаниялар жергилитүү жүк ташуучулар менен кошо курушмак. Тилекке каршы, Ат-Башы районунун жашоочуларынын арасында долбоорго карата терс мамиле түзүлүп, каршылык акциялар өткөрүлдү. Жергиликтүү элдин бир бөлүгү логистикалык борбордун курулушуна каршы чыгып жатканда биз узак мөөнөттүү долбоордун үстүндө иштөөгө мүмкүн эмес деп эсептейбиз жана долбоорду жабуу чечимин кабыл алууга мажбурбуз» деп айтылган билдирүүдө.

Жергиликтүү эл Ат-Башы районуна логистикалык борбор курууга каршылык акцияларын күздөн бери өткөрүп келаткан. 17-февралдагы митингде райондун Ак-Талаа айыл аймагына караштуу 200 гектар жерди «Нарын» эркин экономикалык аймагына (ЭЭА) ижарага берген өкмөттүн токтому жокко чыгаруу жана башка бир катар талаптар коюлган.

Бөлүшүү