Абдрахманов Алишер өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп дайындалды

Автор -

Абдрахманов Алишер Орозбаевич өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 18-февралда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду, деп кабарлашты өкмөттүк аппараттан.

Алишер Абдрахманов Баткен облустук аппаратынын эмгек жамаатына бүгүн тааныштырылат.

Жаңы дайындалган өкүл 58 жашта. Баткен облусунун, Баткен районунда туулган. Кыргыз мамлекеттик (азыркы Жусуп Баласагын атындагы улуттук) университетинин юридика факультетин аяктаган.

Негизинен ички иштер тармагында иштеген. 2001-2002-жылдары Баткен облустук ички иштер башкармалыгын жетектеп турган. 2012-2013-жылдары Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын Баткен облустук башкармалыгын жетектеген. 2014-жылы «Республика» партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.

2016-2018-жылдары өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн 1-орун басары болуп иштеген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү