Кыргызстан Кытайга 7 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Автор -

Короновирустун жайылышына каршы аракеттерине колдоо көрсөтүү үчүн Кыргызстан Кытайга гуманитардык жардам жөнөттү.  Бул туурасында КМден билдиришти.

Жүк Кытай тараптын суроо-талабына ылайык даярдалып, ал жакта антисептикалык жана зыянсыздандыруучу каражаттар, жеке коргоочу медициналык каражаттар бар. Жүк жалпысынан 7 тоннанын тегерегинде.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги гуманитардык жардамды белгиленген жерге, тагыраак айтканда, “Торугарт” көзөмөлдөө өткөрмө пунктуна чейин жеткирди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү