Бишкектеги төрөт үйлөрдүн биринде жаш келин каза болду

Автор -

Бишкектеги №6 төрөт үйүндө 19 жаштагы келин каза болду. Бул туурасында Биринчи май райондук милициясынын басма сөз кызматынан журналисттерге билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-февралда саат 18:00 чамасында нөөмөт бөлүмгө №6 төрөт үйүндө жаш эне каза болгондугу тууралуу кабар келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, каза болгон келин 2001-жылы туулган Ж.Э. экенин аныкташты. Маркум мындан 3 ай мурун эки эм төрөгөнү маалым болду.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 152-берене (медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери жүрүп  жатат.

Бул окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги расмий билдирүү жасай элек.

Бөлүшүү