Кадамжайда 13 кыргыз жаранын өзбек чек арачылары кармап кеткен

Автор -

Кадамжай районунун Өзбекстан менен чектеш Чекелик айылынын чек арага жакын жеринен Кыргызстандын 13 жаранын Өзбекстандын чек арачылары кармап кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү тургундарга таянып, «Азаттык» жазды.  Алардын айтымында, Талас облусунан аймакка дааватка эки машине менен келген жарандарды 19-февралда эртең менен Өзбекстандын чек арачылары кармап кетишкен.

Бул маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматынын аймактык башкармалыгы тастыктады. Расмий маалыматка караганда, чек арага жакын аймакта жүргөн Кыргызстандын жарандары чек ара кайсы жерден бөлүнөрүн билбестиктен өтүп кетишкен.

«Өзбекстан чек арачылары кармаган кыргызстандык жарандардын тек-жайы такталууда жана аларды бошотуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат»,- деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматынын аймактык башкармалыгы.

Чекелик Өзбекстандын Фергана облусу менен чектешет жана чек аралары такталган айылдардын катарына кирет. Айылдыктар буга чейин чек араны тактоодо жол кошуна өлкөнүн аймагына өтүп кеткенин, Кыргызстандын чек арадагы бул айылына жакын аймакка Өзбекстан ок атып машыгуучу аскердик жай куруп алганын айтып даттанып келишкен.

Бөлүшүү