Өзбекстан 13 кыргыз жаранын кайтарып берди

Автор -

19-февраль күнү Өзбекстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн 13 кыргыз жараны Кыргызстанга кайтарылып берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

«19-февраль күнү Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чекелик аймагында өзбек чек арачылары мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн 13 кыргыз жаранын кармашкан. Териштирүү учурунда алар билбей Кыргызстандан  Өзбекстандын аймагына өтүп кетишкени аныкталган. Кыргызстандын жана Өзбекстандын чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин 13 кыргыз жараны мекенине өткөрүлүп берилген», — деп жазылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү