Чүйдө колонияга баңгизат киргизүүгө аракет кылган жаран кармалды

Автор -

Чүй облусунда түзөтүү колониясына баңгизат каражаттарын өткөрүүгө аракет кылган эркек киши кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Москва районунун Петровка айылында жайгашкан №8 түзөтүү колониясынын жанынан 32 жаштагы мурда соттолгон К.Э аттуу жаран кармалган. Ал колонияга баңгизат каражатын ыргытып жиберүүгө аракет кылган. Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн оперативдүү тобу шектүүнү кармоо операциясы учурунда андан 51-54 грамм «гашиш» табышкан. К.Э убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Бөлүшүү