Шаардык сот Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды

Автор -
214

Бишкек шаардык соту райондук соттун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын узартуу тууралуу чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу экс-президенттин жактоочусу Замир Жоошев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Атамбаевди абакта кармоо тууралуу чечим мыйзамсыз экени тууралуу арыз шаардык сотко эки апта мурда жиберилген.

«Жазык-процессуалдык кодекстин 474-беренесинде «өз ишмердүүлүгүн токтоткон президентти тергөө абагына отургузмак түгүл аны жада калса кармоого болбойт» деп жазылып турат. Бул норманы жокко чыгара турган башка эч кандай мыйзам жок. Мен ушул жүйөнү келтирдим»,
деди ал.

Жактоочунун айтымында, бүгүнкү сот отурумуна катышкан прокурор Атамбаевди кармоо алдында экс-президенттин макамы жөнүндөгү мыйзам өзгөртүлүп, ал тийиштүү шарт түзүлгөндөн кийин кармалганын билдирди. Жоошев анын жүйөсү негизсиз деген ойдо.

Сот райондук соттун чечими мыйзамдуу деп тапты.

Быйыл январда Биринчи май райондук соту Атамбаевдин бөгөт чарасын карап, анын камактагы мөөнөтүн эки айга, 15-мартка чейин узарткан.

Бөлүшүү